ТАРБИЯ ИШТЕРИ

П.Ф.Колесников атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 2020-2021 окуу жылынын тарбия иштери боюнча жарым жылдык отчёту.

П.Ф.Колесников атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде тарбия иштери боюнча жылдык план түзүлүп бекитилген.Быйылкы окуу жылынын башталышы пандемияга туш келгендиктен, кɵп иш-чаралар онлайн ɵткɵрүлдү.

Сентябрь айы

ü Быйылкы 2020 -2021 окуу жылы ɵлкɵдɵгү пандемияга байланыштуу «Билим кʏнʏнɵ» карата арналган салтанаттуу линейка 1-класстар үчүн гана болду. Мектепте 1-класстан учɵɵ болгондуктан үч этапта аралыкты сактоо менен линейка ɵткɵрүлдү. 1а класс саат 9:00дɵ башталып 9:30да бүттү.Ал эми 1б класс саат 9:45те башталып, 10:20да бүттү.Ал эми 1в класстыкы саат 10: 30 да башталып 11:00дɵ бүттү.Бардык 1-класстар аралыкты сактап,маска тагынышты.Линейкада алгач 1-класстар чыгарылып,мамлекеттик гимн угузулду.Мектеп директору Калпаков Алмаз Асанович куттуктоо сɵзʏн сʏйлɵп, жалпы жамаатка,ата-энелерге,окуучуларга ийгилик каалады.Быйылкы окуу жылында 1 «А» классынын класс жетекчиси Низкодубова Любовь Михайловна,ал эми 1 «Б» классынын класс жетекчиси Прохорова Евгения Александровна,

ü 1 «В» классынын класс жетекчиси Бакыт кызы Айзат болду.Линейкада 1-класстарды куттуктоо иретинде 9 «Б» класстын бий номерлери тартууланды.Ата-энелер да ɵз балдарын 1-класска кириши менен куттуктоо сɵздɵрʏн арнады.Аларга арналып биринчи коңгуроо кагылды.Ал эми линейканын акырында 1-класстарды жетелеп, мектепке экскурсия кылып тааныштырышты.

31-августта 7,8,9,10-класстардын класс жетекчилери «Менин сүйүктүү Кыргызстаным» деген темада класстык сааттарды, калган класстар бүгүн 1-сентябрда «Менин сүйүктүү Кыргызстаным» деген темада класстык сааттарды ɵтүштү.

Класс жетекчилердин тарбиялык журналды толтурушу,класстык бурчту жасашы,кʏзгʏ майрамдарды пландоо 15-сентябрга чейин каралып бекитилди.Ал эми парламент боюнча сентябрь айынын башынан мектеп парламентине он бир окуучу ɵзʏнʏн талапкерлигин койду.12-сентябрда мектеп парламентинин шайлоосу онлайн болду.Шайлоонун жыйынтыгынын негизинде 11 «А» классынын окуучусу Жолдошбек кызы Нуркыз мектептин президенти болуп шайланды жана парламентке тиешелүү министрлер тандалды.

· 23-сентябрда кыргыз тилинин 31 жыл болгонуна карата иш-чаралар ɵттү.15-сентябрдан баштап 15-декабрга чейин кыргыз тилинин уч айлыгы жарыяланды.Эне тилге байланыштуу дубал газеталар илинип,дил баяндар жазылды.1-класстар окугандыгына байланыштуу ачык сабактарды ɵтүштү.Кыргыз тилинин үч айлыгында пландалган план боюнча иш-чаралар ɵттү.Кээ бир класстар онлайн окугандыктан,онлайн сүрɵттɵр,онлайн видео сабактар жиберилди.

· Сентябрь айынын ичинде класста,мектеп ичинде,сыртында жашылдандыруу иштери жʏргʏзʏлду.Тазалык боюнча мектепте уборкалар,субботниктер ɵтʏлдʏ.Класстар,коридорлор хлор менен дезинфекцияланды.

Октябрь айы

· Октябрь айынын планы жылдык пландын негизинде тʏзʏлʏп бекитилди.2020-2021 окуу жылына «Карылар күнүнɵ» карата айлык иш-чаралар пландалган.Семеновка айылынын жалгыз бой кары адамы Митусова Еленага мектептен 9 «А» бекитилип,алмасын терип берди.Короо жайын тазалап жыйнашты.Улгайган адамдарга карата мектепте атайын план түзүлүп бекитилди. Семеновка айыл ɵкмɵтү менен бирдикте айылдагы кары жалгыз бой,жардамга муктаж адамдардын тизмеси түзүлдү.Тизме боюнча 6 кары адам жардамга муктаж жалгыз бой,кары адамдар экен.Ал кары адамдарга атайын класс бекитилип ай ичинде алма – ашпуртун теришти, короо – жайларын жыйнашты. Ал эми «Карылар күнүнɵ» карата кары мугалимдерибизге онлайн видео куттуктоолорду жɵнɵттүк.

· 5-октябрда «Мугалимдер кʏнʏ» белгиленди.Майрамдык кече пандемияга туш келип,жылдагыдан башкача 11-класстар жана мектеп парламенти онлайн видео куттуктоолорду даярдашып,эң жакшы маанай тартуулады.Майрамга ардагер эжейлер да чакырылды.Мугалимдерге арналып дубал газеталар чыкты.Окуучулар мугалимдерин ватсап аркылуу же онлайн видео куттуктоолорду жɵнɵтүп атышты.Октябрь айында коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата иш-чаралар онлайн ɵтүп, аны тарых мугалимдери ɵткɵрдү.Баткен окуясына карата ардагерлерге 5-11-класстар бекитилип,Баткен окуясы жонундо онлайн иш-чаралар ɵткɵрүлдү.Октябрь айынын ичинде класста,мектеп ичинде,сыртында жашылдандыруу иштери жʏргʏзʏлду.Тазалык боюнча мектепте уборкалар,субботниктер ɵтʏлдʏ.Класстарда жана мектепте санитардык – гигиеналык нормалар сакталып, хлорлонуп,дезинфекцияланып турду.

Ноябрь айы

Ноябрь айында класстар жылууланды.Терезелер чапталып,тɵшɵкчɵлɵр алынды.Кыргыз тилинин 31 жылдыгынын үч айлыгына карата иш-чаралар онлайн жана кадимки тартипте ɵтүп жатты.Ноябрь айында 2-чейректе окуучулар 1-4-5-9-11-класстар окугандыгына байланыштуу ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ноябрь айында класстардын жылуулук режимин кароо жана окуучулардын температуралык абалын текшерүү боюнча атайын дептерлер ачылды.

Декабрь айы

Декабрда пландын негизинде иш-чаралар ɵтүлдү. 1-декабрь «СПИД илдетин алдын алуу боюнча»

2020-2021 окуу жылында 1-декабрь «Эл аралык СПИДке каршы күнүндɵ» СПИДке карата бир айлыктын алкагында «СПИД -коркунучтуу дарт» деген темада 9 «А» класстын класс жетекчиси Чешева Анна Алексеевна классы менен флешмоб ɵттү.2020-2021 окуу жылында 1-декабрь «Эл аралык СПИДке каршы күнүндɵ» СПИДке карата бир айлыктын алкагында «СПИД -коркунучтуу дарт» деген темада 8 «Б» класстын класс жетекчиси Лисунова Алла Ивановна онлайн видео класстык саат ɵттү.

2020-2021 окуу жылында 1-декабрь «Эл аралык СПИДке каршы күнүнɵ карата» 9-11-класстарга «Covid-19» илдетин эске алып, «СПИД -коркунучтуу дарт» деген темада тегерек стол ɵткɵрүлдү.

· Декабрь айында «Адам укуктарын коргоо» боюнча бир айлык жарыяланды.Мында класс жетекчилер онлайн видео сабактарды жана сүрɵттɵрдү уюштурду.

Ал эми декабрда толеранттуулук боюнча да онлайн видео сабактар ɵтүлдү. Мында 10 «А» класс жакшы видео сабак жасаган.

· Республикалык сырттан ɵтүүчү «Туулган жерим» аймак таануу-туристтик жана экологиялык видеотүрмɵктɵр сынагына биздин мектепте катышты.Мында географ жана биолог эжейлер жардам беришти. 10 «А» класстын окуучусу Орузбаева Динара катышты.

3-декабрь «Майыптар күнүнɵ» карата майып,инклюзив окуучуларды үйүнɵ барып акыбаалын сурап, майрамы менен куттуктадык.Мында Семновка айыл ɵкмɵтү менен бирдикте майып балдардын үйлɵрүнɵ чогу рейддерге чыктык.

3-декабрь 2020ж «Майыптар күнүнɵ» карата инклюзив окуучу Албанов Куттубектин үйүндɵ.Соц.педагог Тамара Григорьевна куттуктоодо.

3-декабрь 2020ж «Майыптар күнүнɵ» карата инклюзив,майып окуучу Урбаев Юсуптун үйүндɵ. 12-декабрь «Улуттук адабият күнүнɵ жана Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнɵ карата» мектепте иш-чаралар

· онлайн түрүндɵ жана башталгыч класстар атайын иш-чараларды ɵтүштү.Мында онлайн сүрɵттɵр,онлайн видео сабактар уюштурулду.Жана мектептин китепканасында Айтматов боюнча кɵргɵзмɵ уюштурулду.

· Манас жумалыгы боюнча «Манас таануу» кружогунун жетекчиси Турсунбекова Гулмира «Манас - рух гүлазыгы» деген темада 9-класстарга тегерек стол ɵттү.

    • Мектеп дайыма кылмыштуулукту алдын алуу,балдар менен иштɵɵ,кыздар менен иштɵɵ максатында Ананьево айылдык милициясы ЖОИ кызматкери Токтобай кызы Жаңыл менен бирдикте иш-чаралар ɵткɵрүлүп турду.

    • Ал эми Жаңы жылдык балаты майрамы пандемияга карата ɵткɵрүлгɵн жок.Бирок Аяз ата менен Аяз кыз окуган класстарды гана жакшы тилек айтып, куттуктап кошту.