Райондук олимпиада

Дата публикации: Jan 12, 2019 5:37:18 PM

19-декабрда райондук олимпиада Абдразаков мектебинде отту.Биздин мектептин окуучулары райондук олимпиадага катышты.Жыйынтыгында областка математика сабагынан 1-орун алган 11 "А" класстан Куринских Анастасия болду.Географиядан Эсенканова Ширин 2-орунду райондон ээледи.Андан башка да окуучулар 2-3-4-орундарды ээлешти.Биология,тарых,орус тил,математика,кыргыз тил сабактарынан орундарды ээлешти.Ал эми Билимкана тестине 7 "Б" класс да катышты, республикага чейин барышты,мугалими Айыпов Адыл да грамота менен сыйланды.Ал эми 20-декабрда райондук олимпиададан орун алган окуучуларды линейкада мектептин окуу иштери боюнча завучу Воронкова Татьяна Алексеевна грамота менен сыйлап,даярдаган мугалимдерге да грамота тапшырып, ыраазычылык билдирди.